Бүгүн, 26-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин бири депутат Абылкайыр Узакбаевдин айтымында, долбоор өлкөнүн баардык региондорунун калкын ичүүчү суу менен камсыздоо, суу тазалоочу курулманын жана канализация системасынын маселесин чечүү максатында иштелип чыккан. Долбоордо сугат айдоо жерлерин башка категорияга же түрлөргө которууга киргизилген мораторийди ичүүчү суу менен камсыздоо обьекттеринин, суу тазалоочу курулмалардын, канализация системасынын жерлерине жайылтпоо ченеми менен толуктоо каралган.
Талкууда депутат Алмасбек Акматов мыйзам долбоорун негизинен колдоорун айтып, бирок кенедей бир насос үчүн бир топ жерлер трансформацияланып кетпесин деген кооптонуусун билдирди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы