ЖАҢЫЛЫКТАР 08.04.19.

08-04-2019 08:40

Кечээ, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева жана экс-президент Роза Отунбаева Апрель элдик революциясынын күнүнө арналган иш-чарага катышты. Алгач "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүлчамбарлар коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду. Ошондой эле эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, 2010-жылы 7-апрелде каза болгондордун туугандары жана Апрель революциясынын катышуучулары барды. Андан соӊ Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊеш депутаттары 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл коюшту.

Бүгүн, 8-апрель күнү Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндөгү Премьер-министрдин отчетун угат. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө болсо экинчи окууда көңүл бурулат. “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да комитет олтурумундагы орчундуу маселелердин бири.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында медициналык комиссиянын өлкөдөгү эӊ коррупциялашкан мекемелердин катарына кирерин айткан депутат Улугбек Ормонов, -  аталган мекемедеги коррупцияга тез арада бөгөт коюуну талап кылды.

                            СНХ.У.ОРМОНОВ

Укук коргоочу органдар тарабынан текшерүүлөрдүн саны кескин көбөйүп кетти. Бул айрыкча, экономикалык тартип бузууларга тиешелүү. Ал эми кылмыштарга каршы күрөшүүдө негедир маалкатуулар орун алып жаткандай, - дейт депутат Дастан Бекешов парламент олтурумунда.

                             СНХ.Д. БЕКЕШЕВ

Энергетика министрлигин түзүү зарылчылыгы бар. Мындай көз карашын ортого салган депутат Кубанычбек Жумалиев, - Кыргызстандын CASA – 1000 долбоорунун алкагында аткаруучу иш чаралар боюнча жоопкерчилиги жогору тураарын эскертти.

                           СНХ.К.ЖУМАЛИЕВ

Депутат Аалы Карашев, - “Уран кенин иштетүүгө нааразычылыгын билдирген тараптар өсүп жатканда, сыймыктанган Ысык – Көлдү коргобой эле андан кол жууп калчу көрүнүшкө кириптер болбойбузбу, - деген коркунуч жаралууда” – дейт Жогорку Кеңештин жыйынында басымдуу элдин мүдөөсү менен тааныштырып.

                            СНХ.А.КАРАШЕВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-апрелде көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын темпертурасы Чүй: 17…22, Талас: 17…19, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 19…21, Ысык-Көл: 14…19, Нарын: 13…15 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 8 – апрелде жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 18…20 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 197

Окшош жаңылыктар