ЖАҢЫЛЫКТАР 04.04.19.

04-04-2019 08:40

Бүгүн, 4 - апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен башталат. “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууга киргизилет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда талкууланат. “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө жана бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлоруна көңүл бурулмакчы.  

Парламенттин кечээки 3-апрелдеги жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясы жана КСДП партиясы тууралуу билдирүү жасап, КСДПнын учурдагы абалы тууралуу өз пикирин билдирип, атайын кайрылуу менен чыкты.

                            СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Жогорку Кеӊеш кечээки жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтом долбоору жабык эшиктер артында карады.

Баткен областынын чек ара аймактарындагы абалга кайрылган депутат Карамат Орозова, -  чек арадагы айылдарга 1-категориядагы чек ара макамын берүү, чек ара заставаларын оӊдоп-түзөө, андагы аскерлердин санын көбөйтүү, Ак-Сай айыл аймагына өзүнчө милиция бөлүмүн ачуу, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына ФАП ачуу, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарын куруу сыяктуу бир топ маселелерди тизмектеди.

                           СНХ.К.ОРОЗОВА

Депутат Таабалды Тиллаев Баткен областындагы кээ бир айылдардагы үйлөрдү, жер тилкелерин коӊшу мамлекеттин жарандары сатып алып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Мындай олутуу маселелерге КР Өкмөтүнүн көӊүлүн бурган эл өкүлү чек ара айылдарын баардык салыктардан бошотуу сыяктуу ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

                          СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Апрель айында парламент уга турган отчеттук маалыматтардын катарында Башкы прокурордун жана Өкмөттүн отчету бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин апрель айындагы календардык планы бекитилип жатканда депутат Мыктыбек Абдылддаев билдирди.

                         СНХ.М.АБДЫЛДАЕВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк райондорунда, Ысык – Көл, Нарын областтарынын айрым аймактарында жаан жаайт. Тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 14…19, Ысык-Көл, Нарын: 12…17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – апрелде мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурларда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 17…19 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 186

Окшош жаңылыктар