ЖАҢЫЛЫКТАР 03.04.19.

03-04-2019 08:35

Бүгүн, 3 - апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңеш  2019-жылдын апрель айындагы календарлык иш планын бекитет. Андан соң, “Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн маалыматы жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору каралат. “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзам болсо үчүнчү окууга чыгарылат. “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрүнө көңүл бурулмакчы. “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда талкууланат.

Депутат Акылбек Жапаров, - “Жөнөкөй жабырланган жарандар адилеттик издеп, сот органдарына кайрылайын дегенден тайсалдап турушат. Анткени, алар 10%дык аламды төлөмөйүнчө, алардын арызы каралбай кала берүүдө. Бул туура эмес”, - дейт  Бюджет комитетинин олтурумунда.

                                           СНХ.А.ЖАПАРОВ

Жарандар сотко кайрылганда төлөй турган мамлекеттик алымдар бар. Анын тарифтик саясаты кандай болорун тактаган тармактык комитеттин төрагасы Эмиль Токтошев убакыт жагынан кечигүү болор – болбостугун сурады.

                                           СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Азыркы он эки айлык жана он эки жылдык ай-жыл календарынын чыныгы ээси – кыргыз эли. Ошондуктан, аны ЮНЕСКОдо кыргыз элинин руханий материалдык эмес баалуулугу катары каттоодон өткөрүү керек, - деген далилдерге депутат Каныбек Иманалиев “Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү” темасындагы илимий-практикалык конференциясында токтолду.

                                         СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына 30%дык дотация берүү зарылдыгын эске алган аракеттер жасалууда. Бул тууралуу Агрардык саясат боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди. Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаев картошкалардын үрөнүн тандоодо туура кеңеш берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

                                       СНХ.А.УЗАКБАЕВ

                                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-апрелде жаан жаабайт. Тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 16…21, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 17…22, Ысык-Көл, Нарын: 12…17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 – апрелде жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 19…21 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 170

Окшош жаңылыктар