ЖАҢЫЛЫКТАР 02.04.19.

02-04-2019 08:33

Бүгүн, 2 - апрелдеги жыйынында отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карайт. “Энергиянын кайра жаралуучу булактары” чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да талкууланмакчы. Дагы бир орчундуу маселе - «Кыргыз энергетикалык эсеп борбору» ААКмунун практикалык ишин тездетүү чаралары жөнүндөгү тармактык комитеттин чечимдеринин аткарышылына байланышкан жагдай болмокчу.

Төрага орун басары Аида Касымалиева жетектеген “Мамлекеттик жөлөк пулдар” мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөгөн жумушчу топтун мүчөлөрү  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Ага келген жергиликтүү тургундар, - эскилиги жеткен унаасы бар болсо, же туруктуу каттоого турбаса жөлөкпулга документ топтоо кыйынга туруп жаткандыгын айтышты. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге жөлөкпул берүү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы айтылып, буга себеп катары учурдагы мыйзам он сегиз жашка чейинки майып балдарды баккан гана ата-энелерге багытталганын жүйө келтиришти. Төраганын орун басары бул маселени кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.                            

Бүгүнкү күндө айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоору ишке ашырылууда. КР Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык, Сауд Өнүктүрүү фонду (СӨФ) менен Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) биргеликте аталган долбордун экинчи фазасы үчүн каржылоого макул болушкан. Андагы экинчи фаза боюнча каржылоонун жалпы суммасы 60 млн АКШ долларын түзөт.

Бул долбоор Баткен жана Талас облустарынын 71 айылын таза суу менен камсыздоого багытталган. Талкууда депутат Сайдулла Нышанов, - “Эки область кантип тандалган? Пайыздык үстөгүн канткенде төмөндөтө алабыз?” деп кызыкты.

                        СНХ.С.НЫШАНОВ

Таза суу менен камсыздала элек 523 айыл бар. 2023 – жылга чейин баш – аягы 600гө жакын айылдын таза суу көйгөйү чечилет. Бул тууралуу маалыматтарды тактаган депутат Бактыбек Райымкулов ишти таза сууга зарлап олтурган айылдардан баштоо керектигин талап кылды. 

                        СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

Ислам принциптери боюнча каржылоо иштеринде үстөк пайыз деген түшүнүк болбошу керек. Анткени, ал арам катары таанылат. Ошондуктан, каржылык кызматташтыкта тактап алуучу элементтер көп, - дейт депутат Акылбек Жапаров эл аралык банктар ортосундагы мамилелерге токтолуп.

                       СНХ.А.ЖАПАРОВ

Депутат Абдывахап Нурбаев, - “Элет жерлерине интернет тартып барууда кабылдагыч жабдыктарды орнотууга трансформация маселеси кедерги болбошу керек”, - дейт “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                      СНХ.А.НУРБАЕВ

Тармактык комитетте Глобалдык экологиялык фонд каржылаган долбоорлордун натыйжалуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору талкууланды. Демилгечи депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, “ГЭФтин долбоорлорунун жыйынтыгы боюнча отчеттор кагаз түрүндө эле калып, реалдуу натыйжа болуп жатабы?” - деген суроо жаралууда. Талкуу соӊунда комитет мүчөлөрү ГЭФ тарабынан каржыланган долбоорлордун натыйжалуулугу боюнча КР Өкмөтүнүн иши жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактыруу чечимин кабыл алышты.

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-апрелде жаан жаабайт. Тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 14…19, Ысык-Көл, Нарын: 9…14  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2 – апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 161

Окшош жаңылыктар