ЖАҢЫЛЫКТАР 01.04.19.

01-04-2019 08:30

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында ушул 2019-жылдын 13-мартында Баткен областынын Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө Өкмөттүн  маалыматы угулат. Суроолорого премьер-министр баштаган өкмөт өкүлдөрү жооп беришмекчи. Ага чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет аталган маселе боюнча маалыматты жабык эшик артында угуп, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун талкууга алган. Андан тышкары, Өкмөткө кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу жаатында бир катар сунуштамалар менен тапшырмаларды берген эле.

Баткен районундагы айылдардын баары коӊшу мамлекеттер менен чектешет. Төрт - Күл айыл аймагына тиешелүү 4 айыл жана Тажикстандын Лякан айылы бир түтүктөн суу ичишет. Бүгүнкү күндө анда хлорофильтрдин жоктугунан ар кандай ооруларга чалдыгуу коркунучу бар экендигин депутат Карамат Орозова билдирди.

                    СНХ.К.ОРОЗОВА

“Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады. Бул жакшы жаңылык. Бирок, ал бир эле шаарды эмес, бүтүндөй өлкөнү карап, көзөмөлдөй турган “Коопсуз Кыргызстан” долбооруна айланышы керек.  Мындай пикирин ортого салган депутат Айнуру Алтыбаева буларга токтолду.

                    СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Жогорку Кеңештин Айым-депутаттарынын форумунун демилгеси менен Кара-Суу шаарында атайын жолугушуу болуп өттү. Анда Кыргызстанда 2019-жылы ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун "Мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдардын укуктары боюнча конвенциянын" мамлекеттин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүсүнө тийгизген таасири талкууланып,   "Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота" маселеси да каралды.

Аутизм, даун синдромунан жабыркаган балдардын ата-энелерине ар тараптан көмөктөшүү керек. Тренингдердин өтүп турганы жакшы. Мындай маселеге кайрылган депутат Дастан Бекешев, - “Персионалдык ассистент” түшүнүгү колдонууга киргендигин билдирди.

                   СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Мугалимдердин айлыктары 2015-жылы көтөрүлгөн. Бирок, ошондо орто кесиптик окуу жайларындагы мугалимдердин айлыктары өзгөрүүсүз калып калган. Ал болгону 4600 сом боюнча турат. Бул маселеге депутат Айнура Осмонова токтолду.

                   СНХ.А.ОСМОНОВА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңеши менен тармактык комитет биргелешип Кыргыз Республикасында “жашыл” экономикага өтүү боюнча “Химиялык заттарды, калдыктарды, генномодифицирленген организмдерди жана жандуу жаратылыш объекттерин трансчек аралык которуштурууну жөнгө салуу” темасында парламенттик угууларды өткөрөт. Депутат Э. Байбакбаевдин төрагалыгы алдында уюштурулуп жаткан иш чараны “Парламент” радиосу 5-апрель күнү саат 11.00дө түз алып уктурат.

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 12…17, Талас: 11…16, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 13…18, Ысык-Көл:  9…14, Нарын: 10…15 градус жылуу болотБишкек шаарында бүгүн, 1 – апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы 15…17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 137

Окшош жаңылыктар