Азыркы учурда травертин таштарына болгон талап өсүүдө

30-03-2019 16:52

Жалал – Абад областынын Сузак районуна караштуу Ынтымак айылында иштеп жаткан “Туз-Бел Таш” таш заводунда кайнаган эмгек парады... Бир станокто гиганттаган таштарды нан кесимдей жукарта тилип жаткан адистер болсо, экинчисинде таштарды таанылгыс калыптарга салып жаткан жабдыктын “тилин билгендер” өз иштери менен алек. Андагы иш процессинен кабар алып, “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен депутат Тынчтык Шайназаров заводдун жумушчулары менен жолугушту.

Травертин ташынын бир күкүмү да текке кетпейт. Кооз эшик,  терезе алкактары, тирөөч – тумбалар, гүл өстүрүүчү идиштерден тартып, кол жуучу жабдыктарга чейин камдалып, калдыктарынан болсо курулушка керектүү материалдар даярдалат. Негизги чийки зат Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Сары – Таш карьеринен алынат, - дейт Б. Төрөбаев.

Ошондой эле депутат заводдун өнүмдөрү экспортко ылайыктуу болгондуктан, жергиликтүү элдин керектөөсүнөн артканын коңшулаш мамлекеттерге жөнөтүп туруу келишимдери каралып жаткандыгын билдирди.

Жалал – Абад областына болгон иш сапарында Б. Төрөбаев суткасына 120 тонна буудайды иштете турган Жалал – Абад шаарындагы “Дан-Юг” ун заводуна  орнотулган жаңы жабдыктар менен да таанышты.  Эл өкүлүнүн  айтымында, заводдо даярдалуучу ун азыктары республиканын ички муктаждыктарын жабууга жумшалат. Негизги чийки заттар жергиликтүү дыйкандардан, андан тышкары Казакстандан дагы сатылып алынат. Ундун 70%ы биринчи сортто,, 5 – 6%ы экинчи сортто даярдалат. Калган калдыктардан малга тоют болчу жемдин түрлөрү чыгарылмакчы.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2220

Окшош жаңылыктар