ЖАҢЫЛЫКТАР 20.03.19.

20-03-2019 08:39

Парламент бүгүн, 20 – марттагы жыйынында “Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карайт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда талкууланмакчы. “Курал жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаланып жаткан түзөтүүлөр да үчүнчү окууга талданат.

Геномдук селекция багытындагы иштер нукка салынат. Бул тууралуу “КР мал чарбачылыгын асылдандыруу иши тууралуу” мыйзам долбоору даярдалууда. Аны тармактык комитет 1 – окууда жактырды. Мыйзам долбооруна өз сунушун жолдогон депутат Рада Туманбаеванын маалыматы.

                                    СНХ. Р.ТУМАНБАЕВА  

Биоэтанол каражатын бензиндин курамына кошуу процесси Газпром сыяктуу ири компаниядарда бардыгы бириктирилип, даярдалып келет. Бирок, ошол биоотунду жергиликтүү шартта кошуу аракеттери караштырылууда. Бул ЕАЭБнын техникалык регламентинде көрсөтүлгөн негиздерге тиешелүү. Ошентсе да кайсыл мыйзамдарда так аныктамалар берилгендигин тармактык комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров тактады.

                                   СНХ.А.НАЗАРОВ

Толугу менен органикалык азык – түлүктөргө өтүү зарылчылыгы бар. Муну тармактык министрлик да колдойт. Айыл өкмөттөрүндө атайын адистин органикалык азык – түлүктөргө тиешелүү иш алып баруусу шарт, - дейт депутат Махабат Мавлянова өз пикирин ортого салып.

                                 СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Таза айыл чарбасындагы азыктарды өндүрүү аркылуу үрөн банкын түзгөн аракеттер Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Жаңы – Жер айылындагы № 43 – лицейинде ишке ашып баштады. Бул тууралуу аталган кесиптик - тезникалык окуу жайдын директору Бакыт Жусупова “Парламент” радиосуна маалымат берди.

                               СНХ.Б.ЖУСУПОВА

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 - мартта Ош, Жалал – Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык - Көл областтарынын көпчүлүк райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен: +13...+18, Ысык-Көл: +6...+11, Нарын:+4...+9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 20 – мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  +16...+18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 201

Окшош жаңылыктар