PhD форматындагы философия илимдеринин доктору наамы кандай таанылат?

18-03-2019 16:46

Бүгүн, 18 – мартта Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карады.

Мыйзам долбоору депутаттар А. Нурбаев, К. Керезбеков, Н. Никитенко, М. Бакиров, А. Токторов тарабынан демилгеленүүдө. Баяндама жасаган депутат Н.Никитенконун айтымында, PhD форматындагы философия илимдеринин доктору наамы киргизилип жаткандыгы бир топ талаш – тартышты жаратты. Коомдук угууларда ар кыл пикирлер айтылды, - дейт эл өкүлү.

Талкууда депутат Садык Шер – Нияз ыйгаралып жаткан илимий даража дүйнөлүк деңгээлде кандайча тааныларына кызыкты.

Депутат Тазабек Икрамов ушундай илимий даражанын коңшулаш Казакстанда же Россияда ыйгарылаар – ыйгарылбастыгын тактады. Бул суроого жооп берген Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева, - Казакстан бул илимий даражаны 2013 – жылдан тартып эле тажрыйбалап баштагандыгын билдирди. Өзбекстанда да ушундай эле тажрыйбалуу иштер жүзөгө ашырылып жатат.

Адистин ырасташынча, өлкөдөгү  81 ЖОЖдун, 34ү гана магистратура ачууга уруксаат алышкан. Ошондуктан,  PhD форматындагы илимий адистерди даярдоо азырынча бир топ татаал. Себеби, илимий жетекчилердин кызмат акысы да жеңил эмес, - дейт Б.Тыналиева.

Депутат Альфия Самигуллина илимий чөйрөдөгү кызматкерлердин квалификация критерийлери ачык жазылбагандыгынын себептерин сурады.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитет “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү 2 – 3 – окууда жактырды.

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 106

Окшош жаңылыктар