ЖАҢЫЛЫКТАР 19.03.19.

19-03-2019 08:38

“Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасы» долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндөгү” макулдашуулардын долбоору бүгүн, 19- марттагы Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында каралат.  

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган талаштуу тилкелерди делимитациялоо дана демаркациялоо жаатындагы иштер аксап жаткандыгын «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын жыйынында фракция лидери Бакыт Төрөбаев  айтып чыкты.  Депутаттын эсебинде, - соңку 6 жыл аралыгында эле кыргыз-тажик чек арасында курал-жарак колдонулган 10 жаӊжалдуу окуя болгон.

                      СНХ. Б.ТӨРӨБАЕВ  

Баткендеги соңку кырдаалды жеринде көрүп келген депутат Карамат Орозова аталган аймактын тургундары койгон социалдык маселелерди “Парламент” радиосуна курган маегинде тизмектеп берди.

                     СНХ.К.ОРОЗОВА

Айрым электр энергиясы ишканалары элден мыйзамсыз төлөмдөрдү алып жатканына кайрылган депутат Бакыт Төрөбаев, - “Жалал-Абад электр” ишканасынын буга мисал болоорун билдирди. Ошондой эле ал бул ишти прокуратура органдары текшерип,  жыйынтык чыгарышын талап кылды.

                     СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Депутат Руслан Казакбаев кадр маселеси боюнча Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын айрым мисалдарын салыштырып, реформалык жаңы кадамдарга багыт алуунун башаттуу маселерине токтолду.

                   СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19 - мартта Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда жаан жаап, калган региондордо күн ачык  болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен: +15...+20, Ысык-Көл: +10...+15, Нарын:+3...+8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19 – мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  +16...+18 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 210

Окшош жаңылыктар