ЖАҢЫЛЫКТАР 18.03.19.

18-03-2019 09:01

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 18 – марттагы жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү  экинчи окууда каралат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмаларына да көңүл бурулат. Ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе да талкуу ордосуна коюлмакчы.

Чет жерден келген автоунаалардын коррупциялык схемасына токтолгон депутат Рада Туманбаева бул чийменин эбактан бери эле иштеп келатканын белгиледи. Ошону менен катар депутат чет өлкөлөрдө унаалардын өндүрүлгөн убактысынан тартып, кайсы колго өтүп келатканын аныктоочу «пин-код» системасы иштерин айтып, эмне үчүн мындай ыраатты бизде колдонууга болбостугун сурады.

               СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Мамлекеттик ипотеканы 4 пайызга түшүрүү боюнча берилген долбоорго Өкмөт эки айдан бери маани бербей келе жатканын депутат Марлен Маматалиев айтып чыкты.

              СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Депутат Махабат Мавлянова дагы мамлекеттик ипотека темасына токтолуп, аны 4%га түшүрүү жолдорун тапса болот, - дейт. Эл өкүлүнүн айтымында, 200 миӊ сомдун тегерегинде айлык алган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилери жетиштүү иш жүргүзө албай келет.

             СНХ.М.МАВЛЯНОВА  

Депутат Бактыбек Турусбеков Ысык – Көл районунун Тамчы айылындагы каралбай калган төрөт үйүнүн имаратына “Тез жардам” көрсөтүү бөлүмүн ачуу зарылдыгын билдирди. Эл өкүлү мындай демилгесин Балыкчы - Чолпон-Ата жолундагы жол кырсыктарына кабылган жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүү зарылдыгы менен түшүндүрдү.

             СНХ.Б.ТУРУСБЕКОВ

          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18 - мартта күн ачык  болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен: +22, Ысык-Көл: +13, Талас:+20, Нарын:+9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18 – мартта +20 градус жылуу болот. Түштүк - чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурдв 14-21 метрге чейин жетет.

Көрүүлөрдүн саны : 161

Окшош жаңылыктар