Депутат Аида Исмаилова Токмок шаарындагы социалдык көйгөйлөрдү жергиликтүү тургундар менен бирге талкуулады

15-03-2019 18:42

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Исмаилова Токмок шаарындагы шайлоочулар менен жолугушту. Иш-чара «Электр энергиясынын тарифи жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө» коомдук угуунун алкагында болду. 

Жолугушууда Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Исмаилова Токмок шаарынын тургундарына Жогорку Кеӊештеги ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди. Анда эл өкүлү электр энергиясына болгон тарифтин кымбаттыгы, айрыкча, кыш мезгилинде жер-жерлердеги шайлоочуларга бир топ түйшүк жаратаары боюнча жолугушууларда нааразычылыктар байма-бай айтылаарын, анын негизинде Өкмөттүн астына тарифти ылдыйлатуу талабын коюп келе жаткандыгын айтып берди. Ошону менен катар Саламаттыкты сактоо министрлигинин астындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусундагы мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча кеп кылды.

Жолугушууга келген Токмок шаарынын ишкерлер бирлигинин өкүлдөрү базарда соода кылгандар, маршруттук такси айдоочулар жана бир катар кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген ишкерлер социалдык төлөм эки эсе көтөрүлүп кеткендигин айтып, нааразычылыктарын билдиришти. Алардын бири Чолпон Сыдыкова Токмок чакан шаар экендигин, андагы ишкерлерди Бишкек, Ош шаарларындагы ишкерлер менен теӊ карап, социалдык төлөмдөрүн жогорулатуу адилетсиз болуп калгандыгын айтты. Шаардын ишкерлер бирлигинин төрагасы Баатырбек Сыдыгалиев Социалдык фондго төлөп жаткан төлөмдөр кайда кетип жаткандыгы ачык болушун талап кылды. Бул боюнча бир катар катышуучулар дегеле камсыздандыруунун топтомо системасы таптакыр иштебестигин белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык оорукана жетекчилери прокуратура, монополияга каршы агенттик сыяктуу мекемелерден келген текшерүүлөрдүн көп болуп жаткандыктан, ырааттуу иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын билдиришти. Мындай иштин аягында бейтаптар жабыр тартышат дейт алар.

Ал эми «Жакшылык» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Рахман Исаев шаарда аутизм, даун синдрому сыяктуу оорулар менен төрөлгөн балдардын саны барган сайын көбөйүп баратканын айтып, аларга медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча шарттарды жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле мындай балдардын ден соолугун жакшыртууда сууда сүзүү көп жардам берерин айтып, шаарга бассейин куруу, жайында Ысык-Көлгө жолдомо маселелеринен көмөк көрсөтүүнү эл өкүлүнөн өтүндү.

Мындан сырткары, жолугушууда Токмок шаарына мүнөздүү болгон жол, мектептердеги класстарда балдардын санынын көптүгү, айрым оорукана имараттарынын оор акыбалы, дары-дармектердин кымбаттыгы сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлдү. Депутат Аида Исмаилова шаардык мэриянын өкүлдөрү менен саналып өткөн маселелердин чечүү жолдорун эл астында талкууга алды. Ал эми жогорудагы социалдык төлөмдөр, оорукана, аутизм, даун синдрому сыяктуу оорулар менен төрөлгөн балдардын маселелерин Жогорку Кеӊештин деӊгээлинде иликтөө жүргүзүп, алардын чечилишин көзөмөлгө алаарын билдирди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 835

Окшош жаңылыктар