“Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Жалал-Абад облусунун активи менен жолугушту

15-03-2019 17:13

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын депутаттары Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушту.

Жолугушууда мектеп, бала бакча, оорукана, жерлерди трансформациялоо, ичүүчү жана сугат суу сыяктуу бир катар социалдык маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле айрым айылдарга электр энергиясы тартылбагандыгын айткан тургундар жаңы кодекске ылайык киргизилген айып пулдардын өлчөмү жогору экенине да токтолушту.

Фракция мүчөлөрү бардык көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү Өкмөттүк мекемелерге жеткирүү менен алардын чечилишине көмөк көрсөтүшөрүн билдиришти.

Муну менен катар Жалал-Абад облусунда жетишкендиктер да арбын экени айтылып, жергиликтүү бийлик жетекчилери мерчемделген иштердин 95%ы аткарылганын маалымдашты.  Алсак, 2018-жылы 24 млрд сомго жакын капиталдык инвестиция тартылган.  Андан тышкары, 180 жаңы ишкана ишке киргизилип 800гө жакын жумушчу оруну түзүлгөн. Жайыт комитетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында АРИС аркылуу 56 даана атайын техника алынган.  Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен 9 мектептин имараты, 5 мектептин окуу корпусу жана 1 мектептин имаратынын кошумча бөлүгү бүткөрүлгөн.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 739

Окшош жаңылыктар