“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Б.Төрөбаевдин демилгеси  менен ордо калаада “Бир көчөт"  акциясы өттү

15-03-2019 15:45

Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаарында Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт  Төрөбаевдин демилгеси  менен “Бир көчөт"  акциясы болуп өттү. Ага  фракциянын  парламенттеги жана Бишкек шаардык  кеңешиндеги  депутаттары,  партиянын мүчөлөрү  жана жалпы шаардыктар катышты.

Акция учурунда Бакыт Төрөбаев Бишкекте абанын булганышына  себеп болуп жаткан  бир катар  факторлорго токтолуп, алардын негизгилеринин бири автоунаалар  экенине белгиледи.

“Борбор калаада  расмий катталган 600 миңден ашуун  автоунаа бар.  Андан чыккан зыяндуу  заттар  абага терс таасир этип  жатат. Жайкысын табигый шартта орто бийиктиктеги дарак 24 сааттын ичинде, үч адам дем ала турган кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ал эми 1 Га жашыл бак-дарактар 1 саат ичинде 8 литр көмүр кычкыл газын жутуп алып, кайрадан 30 адамдын жашоосун камсыз кылганга жете турган кычкылтекти пайда кылат”, – деди депутат Бакыт Төрөбаев.

  Ага ылайык, фракция лидери Бакыт Төрөбаев Бишкектеги баардык айдоочуларды  жылына кеминде бирден  көчөт  тигүүгө чакырды.

Демилгени Кемин, Орловка, Шопоков, Балыкчы, Каракол, Нарын, Баткен, Исфана, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суу, жана Токтогул шаарларынын тургундары колдоп, алар  дагы өз шаарларында  көчөт отургузушту.

Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 786

Окшош жаңылыктар