“Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барды

15-03-2019 12:03

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын депутаттары Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барды. Алгач, эл өкүлдөрү Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө болуп, жазгы айдап-себүү иштери менен таанышты. Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда дыйкандар күйүүчү майдын кымбаттыгын белгилешип, айдап-себүү маалында арзандатуу зарылчылыгын кошумчалашты.

Андан соң, фракция мүчөлөрү аталган айылда жайгашкан Кочкор Эрматов атындагы жатак лицейине барып, окуу мекемесинин мугалимдер жамааты жана окуучулары менен жолугушту. Окуучуларды жакшы окууга чакырган депутаттар өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин билдирип, лицейдин короосуна дарактарды көчөтүн отургузушту.

Белгилей кетсек, аталган жатак лицейде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана кароосуз калган окуучулар билим алат. Учурда лицейде 404 окуучу бар.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1715

Окшош жаңылыктар