ЖАҢЫЛЫКТАР 15.03.19.

15-03-2019 08:29

Бүгүн, 15 – мартта “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын көчмө жыйын өткөрүп, Жалал – Абад шаарында болот. Күн тартибинде  2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында областтын аймагында аткарылган иш-чаралардын жыйынтыктары каралат. Ошондой эле 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында областтын аймагындагы пландалган иш-чаралар, областтагы маанилүү көйгөйлөр жана алардын чечилиши талданмакчы.

Ушул эле күнү «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын да кезектеги жыйыны өтөт. Анда 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин аткарып жаткан иштери менен планы каралат. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген “1992-2000-жылдары берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору да талкууланмакчы. “Айыл Банк” ААК иштеп чыккан “лизинг схемалары боюнча сүт жана эт багытындагы уйларды фермерлердин сатып алуусуна багытталган, жогорку продуктулуу асыл тукум малдын лизинги” жаңы лизинг продуктусу тууралуу маалыматты угуу да пландаштырылууда.

«Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда  тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев, - “ Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок”,- билдирди.

                       СНХ.К.РЫСПАЕВ

Тармактык комитеттин мүчөлөрү укук коргоо органдарына «Кыргызалтын» компаниясынын иши боюнча айрым маалыматтарды текшерип, 10-апрелге чейин анын жыйынтыгын кабарлоону табышташты. Ага чейин депутаттар тактоочу бир топ суроолоруна жооп алышты. Алардын бири депутат Бактыбек Турусбеков.

                      СНХ. Б.ТУРУСБЕКОВ  

Бишкек шаарында ачылган кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын кыргыз – түрк биргелешкен  тарап 3 жыл чогуу башкарат. Төртүнчү жылга аяк басканда гана оорукананы башкаруу укугу толугу менен кыргыз тарабына берилет. Бул тууралуу маселе Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жактыруусуна ээ болуп, парламенттин кароосуна сунушталган. Аны Жогорку Кеңеш кечээ биринчи окууда колдоп берди.

Ааламдашуу процессинин таасири менен улуттардын жок болуп кетүү коркунучу да кошо жаралууда. Мектептерде коом таануу сабактары окутулган менен улуттук нарк – насилди окутуу иши солгундап жатат. Бул багытта коңгуроо каккан депутат Каныбек Иманалиев, - ушул улуттук каада – салтты коргоого арналган бүгүнкү күнгө белгиленген атайын иш чаранын 29 – мартка жылдырылгандыгын парламент жыйынында билдирди.

                    СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Бүгүн, 15-мартта депутат Жанар Акаевдин “Демилге” фонду уюштуруучу иш чарада Бишкектеги активдүү жаштар ордо калаанын Жаш Гвардия бульварына 500 түп көчөт отургузушат. Алар мындай аракети менен борбор калааны жашылдандырууга чакырык таштап, экология көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурмакчы. Ал эми эртең, 16 – мартта ЖК депутаттары менен Аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу Төрага Д.Жумабеков парламенттин кечээки олтурумунда маалымдады.

                   СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-мартта жаан – чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+14...+19, Ысык-Көл: +5...+10, Нарын: +3...+8 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 15 – мартта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +16…+18 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 174

Окшош жаңылыктар