Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 14-мартында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

14-03-2019 18:06

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1, 2, 3-окууда добуш берүүдөн өттү.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.03.18деги № 175 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Экспорттук контроль жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 04.10.18деги № 455 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К. жана Эргешов А.М., Назаров А.К., Масабиров Т.А., Алимбеков Н.К., Джумабеков Д.А., Айдаров С.А., Баатырбеков А.Б., Нурматов К.С., Исаев К.К., Алыбаев О.А., Толонов Д.Э., Турсунбаев А.А., Самаев У.О., Токторов А.С., Чойбеков Р.Н., Конушбаев Т.К., Исаев Ж.Б.);)

- “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Асылбаева Г.К.).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууруалуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.02.19дагы № 48 токтом).

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2086

Окшош жаңылыктар