Салык системасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, ЕАЭБге ылайык келтирүү максатындагы мыйзам долбоору 2-окууда каралды

14-03-2019 16:39

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору 2-окууда каралды.

Жыйынга мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров алып чыкты.

Мыйзам долбоор Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) кирүү шарттарында Кыргыз Республикасынын салык системасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана Эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык аймактар маселелери боюнча ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.

Мында эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) субъектиси болуп саналбаган субъектинин ЭЭА субъектисине Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды жеткирип берүүсү кошумча нарк салыгынын (КНС) нөлдүк чени менен жеткирип берүү болуп саналаары белгиленүүдө.

Ошондой эле ЭЭАнын субъектиси болуп эсептелбеген субъектинин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭА субъектисине берүүсүнөн КР Салык кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген чен боюнча КНС алынаары каралууда.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери -  – депутаттар Асылбаева Г.К. жана Эргешов А.М., Назаров А.К., Масабиров Т.А., Алимбеков Н.К., Джумабеков Д.А., Айдаров С.А., Баатырбеков А.Б., Нурматов К.С., Исаев К.К., Алыбаев О.А., Толонов Д.Э., Турсунбаев А.А., Самаев У.О., Токторов А.С., Чойбеков Р.Н., Конушбаев Т.К., Исаев Ж.Б.).

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1336

Окшош жаңылыктар