ЖАҢЫЛЫКТАР 14.03.19.

14-03-2019 08:34

Бүгүн,  14 – марттагы жыйынында  Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан сырткары “Бажылык жөнгө салуу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору болсо экинчи окууга чыгарылат. Ошондой эле ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкуу объектисине алынмакчы.

Айрым айылдарда дарыгерлердин нөөмөттүк кызматка чыгуусу кыйынга турууда. Анткени, алардын мындай тейлөө иштери акысыз жүргүзүлгөндүгүнө байлыныштуу, - дейт депутат Алмазбек Эргешов парламенттин кечээки жыйынында.

                    СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Депутат Мирлан Бакиров “Джунда” заводуна кирген зыяндуу заттардын жок кылынышын талап кылды. Ошондой эле уулуу заттардын утилизацияланышы Кыргызстанда жүргүзүлбөшү керек, - дейт эл өкүлү.

                   СНХ.М.БАКИРОВ

Улуттук гвардиянын ар бир коомдо аткара турган миссиясын ачыктаган депутат Каныбек Иманалиев Улуттук гвардияны чогулган элди чачыратканга колдонулбаш керектигин эскертти.

                  СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Депутат Руслан Казакбаев ИИМдин алдындагы ички аскерлердин ролу кандай бааланаарын тактап, алардын кандай окуяларга катыштыгы болгондугуна кызыкты.

                 СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Депутат Калдарбек Баймуратов, -“Суу топтолгон жайлардын кароосуз калып жаткандыгына кайрылып, ички аскерлерди ушул багыттагы жооптуу иштерге да тарта билсек”, - дейт Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында.

                СНХ.К.БАЙМУРАТОВ

Бишкек шаарында ачылган кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын кыргыз – түрк биргелешкен  тарап 3 жыл чогуу башкарат. Төртүнчү жылга аяк басканда гана оорукананы башкаруу укугу толугу менен кыргыз тарабына берилет. Бул тууралуу маселе Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде да каралып, жактырууга ээ болду.

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-мартта жаан – чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордун жолдору тайгак болуп, кар күрткүсү орун алат. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+13...+18, Ысык-Көл: +5...+10, Нарын: +1...+6 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 14 – мартта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +15…+17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 34

Окшош жаңылыктар