Өзүңүздүн ден соолукка кам көрүп, өзгөлөргө да зыян келтирбеңиз

13-03-2019 15:37

Мындай чакырык чылым чегүүчүлөргө карата айтылып келет. Ошондон улам, эми коомдук жайларда тамеки, кальян, насвай тартууга таптакыр тыюу салынат. Жарнамалоого да жол берилбейт. Бул багытта даярдалып жаткан мыйзамдардын пакети тууралуу маалымат берип, ЖК депутаты А.Алтыбаева жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын башчысы А.Акматова бүгүн, 13 - мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде болушту.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамеки тартууга толук тыюу салынмакчы.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, тыюу салынган жайларда чылым чеккен жеке жарандарга өзүнчө, ага жол берип, шарт түзгөн юридикалык жактарга өзүнчө айып пул салуу жактары каралган, - дейт демилгечи депутат А.Алтыбаева.

Ошондой эле эл өкүлү бир гана чыгым чегүүгө тыюу салынбастан, аны жарнамалоого да жол берилбестигин белгиледи.

Уктурууга катышкан КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын маалымдашынча, акыркы мезгилде тамеки тартуу аялдар менен өспүрүм балдар – кыздардын арасында кеңейип жаткандыгы өкүнүчтүү. Айымдардын чылымга аралашкан бөлүгү 4%ды түзөт делген менен, иш жүзүндө андан бир топ эле арбып кетти, - дейт адис.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 415

Окшош жаңылыктар