ЖАҢЫЛЫКТАР 13.03.19.

13-03-2019 08:37

Бүгүн,  13 – марттагы жыйынында  Жогорку Кеңеш “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланат. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо биринчи окууга чыгарылат.

Түркияга кыргыз жарандарынын туристтик фирмалар аркылуу кетип иштеп жаткандары 20 миңдин тегерегинде болсо,  ал эми Түркиядан жергебизге келген өкүлдөрүнүн көрсөткүчү 800дүн айланасында. Мындай статистикага токтолгон депутат Каныбек Иманалиев тармактык комитетте визалардын кымбаттап кеткендигине кайрылды.

                                СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Бишкек шаарындагы транспорт миң адамга 600дөн туура келген учурлар болот. Бул экологиянын алсызданышына алып келет. Бул тууралуу пикирин билдирип, депутат Иса Өмүркулов “Парламент” радиосуна буларды маалымдады.

                               СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Картошкалардын баасы төтөндөп, дыйкандардын мээнети акталбай жатат. Үрөн себүүгө кеткендеги чыгымды түшүм алуудагы түйшүк актабай калганы кандай? Мындай маселеге кайрылган депутат Муктарбек Айнакулов тармактык комитетте Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды.

                              СНХ.М.АЙНАКУЛОВ

Ипотекалык шарттагы турак – жайга ээ болууну каалаган мугалимдердин кыялы арманга айланып, үстөк пайыз өтө жогору болуп олтурат. Муну каткенде иретке сала алабыз? – деген суроону койгон депутат Карамат Орозова тармактык комитетте пайыздык алымдардын айрымдарын санап берди.

                            СНХ.К.ОРОЗОВА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-мартта жаан – чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордун жолдору тайгак болуп, кар күрткүсү орун алат. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+11...+16, Талас:+10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+12...+17, Ысык-Көл: +7...+12, Нарын: 0...+5 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 13 – мартта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +14…+16 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 120

Окшош жаңылыктар