ЖАҢЫЛЫКТАР 12.03.19.

12-03-2019 08:45

Бүгүн,  12 – марттагы жыйынында Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет “Кыргызалтын” ААКнун 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга максаттары тууралуу” маселени карайт. Бул багытта “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын тѳрагасы А.Алимбеков баяндама жасайт.

Кен иштеткен ишкананын инфратүзүм обьектилери болгон жол, кампа, калдык сактагыч, электр өткөрүү чубалгылары, мобилдик-вахталык кыштак (булар жеӊил курулмалар менен гана курулушу керек) үчүн жер тилкелерин берүү маселеси чечилбей калгандыктан, «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, 2-беренедеги жайыттарды башка максаттарга пайдалануу бөлүгү кендерди пайдаланууда инфратүзүм обьектилерин куруу маселеси менен толукталууда, - дейт депутат Айтмамат Назаров.                       

                       СНХ.А.НАЗАРОВ

Өкмөт азыркы иштеп жаткан “Коопсуз шаар” долборуна бараандуу салым кошкондугун белгилеген депутат Жыргалбек Турускулов, - “Эми айдоочулар менен пикир келишпестиктер чыкпашы үчүн кошумча жол чырактарын орнотуп, көрүнбөй калган жол белгилерин дааналап сызуу сыяктуу иштерди тездетүү зарыл”, - дейт.

                      СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ

Аялдардын баардык бийлик органдарына катышуусун камсыз кылууда жеке эле шайлоо процесси себеп болбошу керектигин айткан депутат Махабат Мавлянова, - “Дайындоо жолу менен дагы айымдарды жетекчилик кызматтарга алып келсе болот. Муну Өкмөт карап көрүш керек”, - дейт.

                     СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Ошол эле аялдар темасын улаган депутат Айсулуу Мамашева, -“Эмне үчүн аялдардын карьералык өсүшүн өнүктүрүүгө маани бербейбиз?” – деген маселени кабыргасынан койду.

                    СНХ.А.МАМАШЕВА

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12-мартта Ош, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда гана жаан жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордун жолдору тайгак болуп, кар күрткүсү орун алат. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй,Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен:+10...+15, Ысык-Көл: +5...+10, Нарын: 0...+5 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 12 – мартта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +13…+15 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 119

Окшош жаңылыктар