ЖАҢЫЛЫКТАР 11.03.19.

11-03-2019 08:55

Бүгүн,  11 – марттагы жыйынында Агрардык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамындын өзгөртүүлөрү болсо биринчи окууда талкууланат.

Өлкөдөгү 386 айылга таза суу жеткен эмес. Мындай маалыматтарды мисалга келтирген депутат Акылбек Жапаров, - “3 – 4 айылга эле кетүүчү каражат 13 млн. еврону түзөт. Ошондуктан, таза суу маселесин чечүүдө өрт өчүрүүчү 200 унааны алганда маселе оңой чечилмек”, - дейт.

                          СНХ.А.ЖАПАРОВ

Инвестиция тартуу боюнча Өкмөт 2018 – жылы жетиштүү иш алып бара алган жок, - дейт депутат Марлен Маматалиев Бюджет жана каржы комитетинин олтурумунда. “Манас” аэропорту алган кредит дале өздөштүрүлбөй жатканын мисалга келтирген эл өкүлү бирок төлөмдөр менен эсептешүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

                        СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Таза суу долбоору дени сак улут программасынын ажырагыс бөлүгү. Мындай системалык алкактын маанисине токтолгон депутат Аалы Карашев, - “Оорулардын 50 – 60%ы таза суунун жоктугунан болот”, - дейт.

                       СНХ.А.КАРАШЕВ

“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргени жол кыймылында тартип орноп, иреттүүлүк сактала баштагандай. Буга айыппулдардын көтөрүлүшү жардамчы болууда. Бирок, аны өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөндөр да жок эмес.Ошондуктан, катуу көзөмөлдүк керек, - дейт депутат Дүйшөн Төрөкулов.

                      СНХ.Д.ТӨРӨКУЛОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11-мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: +9...+14, Талас: +6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+10...+15, Ысык-Көл: +4...+9 градус жылуу болот. Нарын: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Бийик тоолуу райондордо -2...-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11 – мартта жаан-чачын болбойт. +11…+13 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 31

Окшош жаңылыктар