Жогорку Кеӊештин Төрагасы Д.Жумабеков Эл аралык аялдар күнүнө карата айымдарды куттуктады

07-03-2019 14:38

Бүгүн, 7-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутат Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын жети дубанынан чыккан айымдарды Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.

Сыйлангандардын арасында Роза Айтматова, Лайли Үкүбаева, Аалы кызы Назира, Динара Чоочунбаева, Гүлшайыр Садыбакасова, Гүлмира Турдубаева, Алтынай Жусупбекова жана Самара Токтакунова бар. Аларга гүлдесте менен белектер тапшырылды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы аталган айымдар бүт өмүрүн өлкөнүн өнүгүшүнө арнап келишкенин, азыр дагы бараандуу салымын кошуп жаткандыгын белгилеп, аларга тереӊ ыраазычылыгын билдирди. Ал парламентте жарандык коомду курууда аялдардын ролун жогорулатууга, маанилүү маселелерди иштеп чыгууда алардын көз карашын чагылдырууга багытталган мыйзамдар кабыл алынып жатканын белгиледи.

«Сиздердин эмгегиӊиздер баа жеткис. Баардык аялзаты – апалар болобу, эже-карындаштар болобу баарынан мурда үй-бүлөсүнө, балдарына, жакындары менен туугандарына күйөт. Ошол эле маалда аялдар иштеп дагы жетишип, коом турмушуна дагы жигердүү аралашат. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, аялзатына тиешелүү бакыт каалайм», - дейт Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ал эми депутат Зарылбек Рысалиев айымдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, үйдүн куту болгон аялзаты эмгектенип эле тим болбой, өлкөдө болуп жаткан окуяларды өз жүрөгүнөн өткөрөрүн баса белгиледи.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 865

Окшош жаңылыктар