ЖАҢЫЛЫКТАР 07.03.19.

07-03-2019 08:41

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7 – марттагы жыйынында  “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр да  экинчи окууда талкууланмакчы.

“КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” жана «КР Жогорку Кеңеш депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары тармактык комитетте угулду. Аталган мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун жетекчиси, депутат Айнуру Алтыбаева маалымат берди.

                    СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Дыйкан – фермерлердин мээнети текке кетип жатат. Анткени, алар өндүргөн азыктардын экспорттолушу кыйынга турууда. Алардын көрсөткүчтөрү боюнча бир топ мисалдарды келтирген депутат Аалы Карашев, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына да кызыкты.

                  СНХ.А.КАРАШЕВ

Депутат Акылбек Жапаров азык – түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш өтпөй жаткандыгын билдирип, айыл чарба министрлигин статистикалык орган болбоого чакырды.

                  СНХ.А.ЖАПАРОВ

Депутат Салайдин Айдаров органикалык өндүрүшкө көңүл бурулуп жатканда дары каражаттарынын сапаттуулугун камсыздап, көчөттөрдүн ооруларына каршы турууда кандай иштер аткарылып жаткандыгына кызыкты.

                 СНХ.С.АЙДАРОВ

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишине алымсынбастыгын айткан депутат Умбеталы Кыдыралиев, - “Үч жылдан бери жарытылуу деле иш жасалган жок. 200 миӊден ашуун үй-бүлө арзан турак жайга муктаж. Эгер компания ушундай кадам менен басыгын ыкчамдатпаса 100 жылда да баштаган программанын жыйынтыгына жетүү кыйын. Ошондуктан, сөздөн ишке өтүү мезгили келди”, - дейт.

               СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7 – мартта республиканын аймактарында жаан жаабайт.  Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+8...13, Ысык – Көл:+5...+10, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+10...+15 градус жылуу болот. Нарын:-2...+3 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 7 – мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +11...+13 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 35

Окшош жаңылыктар