ЖАҢЫЛЫКТАР 06.03.19.

06-03-2019 09:07

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6 – марттагы жыйынында март айынын календарлык иш планын бекитет. Андан кийинки маселе 2019-жылдагы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшүн баяндаган Өкмөттүн маалыматы болмокчу. “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө да орун берилет. “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү талдоого алынмакчы.

Кыргыз-Түрк өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, түзүлгөн биргелешкен оорукана 72 орунга бейтаптарды кабыл алат. Андан тышкары, 21 орундуу реанимациялык бөлүм да иштемекчи, - дейт Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев. Ошондой эле ал  жогорку технологиялардын колдонулушу боюнча да маалымат берди.

                          СНХ.М.КАРАТАЕВ

Кыргыз Респуликасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программалар ишке ашырылат. Талкууда депутат Аида Исмаилова  каржылык автономиянын айырмачылыктарын аныктоону да талап кылды.  

                         СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Депутат Альфия Самигуллина ММКФна төлөнүүчү каражаттардын көлөмү ошол достук ооруканасына кайрылууга жетер – жетпесине, бул багыттагы атайын келишимдин бар – жогуна кызыкты.

                         СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Депутат Алмазбек Токторов макулдашуудагы юридикалык элементтер канчалык деңгээлде эске алынгандыгын сурап, жергиликтүү окуу жайларды аяктаган дарыгерлердин дипломдору таанылаар – таанылбастыгын тактады.

                        СНХ.А.ТОКТОРОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 – мартта республиканын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык – Көл:+3...+8, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+5...+10 градус жылуу болот. Нарын:-2...+3 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 6 – мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6...+8 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 39

Окшош жаңылыктар