Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

05-03-2019 17:39

Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Казакстан менен болгон мамилеге өзгөчө маани берерин билдирип, өз ара ишенимге негизделген бардык багыттагы боюнча байланыштарды арттыруу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле Төрага пайдалуу өнөктөштүктү камтыган эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштар бардык деңгээлде колдоого алынып жатканын белгиледи.

Андан тышкары эки элдин мамилесин бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташтык да өзгөчө орунду ээлерин айткан Дастанбек Жумабеков, эл өкүлдөрү дайыма коңшулук тыгыз алаканы арттырууга кызыкдар экендигине токтолду. Муну менен катар Жогорку Кеңеш боордош эки элдин жаркын келечеги үчүн парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасарын билдирди.

Буга кошумча Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматташтыкты жигердүү улантуу алкагында Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулиндин Кыргызстандагы расмий иш сапарын быйыл уюштуруу менен II Парламенттер аралык Кеңештин отурумун өткөрүү зарылчылыгын белгиледи.  Ал эми Дастанбек Жумабеков ушул жылдын 23-24-сентябрында Астана шаарында өтө турган Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын 4-отурумуна карата чакырууну кабыл алганын кошумчалады.

Соода-экономикалык байланыштардын келечеги жана артыкчылыгы тууралуу да кеп салган Төрага, Президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын соңунда Казакстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында эки өлкө башчылары тарабынан да бул жааттагы кызматташтыкка өзгөчө маани берилгенин белгиледи. Ошондогу жолугушууда өлкө жетекчилери эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд АКШ долларына чыгаруу тапшырмасын коюшканына токтолду.    

Өз кезегинде элчи Карим Кокрекбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине басым жасарын маалымдады. Аны менен катар Карим Кокрекбаев Казакстан элчиги инвестициялоо чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу максатында Кыргызстандын бардык облустарындагы ишкерлер үчүн бизнес-форум өткөрүүнү мерчемдеп жатканын айтты.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1228

Окшош жаңылыктар