ЖАҢЫЛЫКТАР 05.03.19.

05-03-2019 08:27

Бүгүн, 5-мартта ЖК вице – спикери А.Касымалиева Таласта "Журналистикадан саясатка" деген темада жолугушуу өткөрөт. Саясаттагы эң башкы сабак - адамды таануу жана адам бойдон калуу. Адам эң жаман сапаттарын көрсөтсө да, анын бийик сапаттарына баары бир ишенүү, ошол эле убакта өзүңө суроо берүү жана өзүңдү апапакай элестетпөө темасында эл менен эркин пикир алышмакчы.

Вице – спикер Мирлан Бакиров маалымдагандай, асылдуулугу төмөн жайыт жерлери өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берилет. Мындай максатты көздөгөн мыйзам долбоору даярдалууда. Анда асылдуулугу төмөн жайыттарды көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды олтургузуу үчүн трансформациялоого жол ачылат.  

                       СНХ.М.БАКИРОВ

Бүгүн, 5 – мартта Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет “Кыргызалтын” ААКнун 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга максаттары тууралуу” маселени карайт.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет бул жолку жыйынында  «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт.  Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын кайрылуусуна да көңүл бурулмакчы.  

CASA-1000 долбоорунун алкагында 3 эл аралык каржы уюмдары менен 133 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя алуу боюнча Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан менен биргелешип ишке ашыра турган макулдашуулар бар. Ал 2018-жылдын октябрынан тартып күчүнө кирди. CASA-1000 долбоору жакшы. Бирок, жергиликтүү элге жетишпей жаткан электр энергиясын “колдон жула калды” кылган жарабайт, - деген депутат Рыскелди Момбеков, - “Кайсы электр энергиясын экспорттоо тууралуу сөз болуп жатат?”, - дейт.

                           СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Фракция жетекчиси Иса Өмүркулов, - “Улуттук энергохолдинг компаниясынын кимге кереги бар? Ал коррупциялык схема менен эле түзүлгөн, менимче, аны жоюш керек. Минтип иштеген болбойт. Өкмөт эки ай аралыгында анын тагдыры боюнча так жообун берүүгө тийиш”, - деп белгиледи.

                           СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Ысык-Көл кылаасынын жаратылышы менен экологиясын коргоо боюнча келип түшкөн кайрылуулардан улам, Ысык-Көл биосфералык аймагында полиэтилен пакеттеринин жана пластик идиштеринин жагымсыз таасирин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. Анын мааниси менен депутат  Экмат Байбакбаев тааныштырды.

                          СНХ.Э.БАЙБАКБАЕВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5 – мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын жолдоруна муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык - Көл: 3...8, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 6...11 градус жылуу болот. Нарын: -1...+4 градуска чейин жылыса, бийик тоолуу райондордо -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5 – мартта мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы 5…7 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 36

Окшош жаңылыктар