ЖАҢЫЛЫКТАР 04.03.19.

04-03-2019 08:44

Бүгүн, 4 – мартта депутаттар М. Бакиров, А. Жээнбеков, М. Айнакулов, А. Акматов, А. Жапаров, Р. Туманбаева, К. Бокоев, Э. Токтошев демилгелеген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өткөрүлөт.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүн, 4 – марттагы жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. Ошондой эле Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси да каралмакчы.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар протоколдук тапшырмаларына да көңүл бурулмакчы.

Коомдогу коопсуздукту сактап, адам өмүрүнө, саламаттыгына кам көрүү максатында иштелип чыккан “Курал” жөнүндөгү мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда кабыл алынды. Анда маалымдалгандай, 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголсо, 232 курал кайра кайтарылып берилген. Учурда 633 курал издөөдө турат. Ошондой эле, ички иштер органдары тарабынан 39 835 аӊчылык куралын колдонууга уруксат берилип, андан башка чет өлкөлүк жарандарга да тартуулаганган куралдар бар. Буга чоочулоосун депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

              СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Мамлекеттик ипотекалык компания элдин эсебинен каржылык пайда көрүп жатканын айткан депутат Махабат Мавлянова, - “Курулуп жаткан үйлөр өздүк наркынан жогору баада сатылып жаткандыгы алдамчылык!, - дейт.

             СНХ. М.МАВЛЯНОВА

Ордо калаадагы «ТЭЦ-2» жаӊы конушундагы элге жер тилкелери мыйзамдуу бөлүнүп берилгендигине бир топ далилдүү документтер күбөө экендигин айткан депутат Рыскелди Момбеков, - “Аткаруу бийлиги элге жер берүүгө уруксат берип жатса, сот бийлиги эмнеге уруксат бербей келет? Бул маселени парламенттин тиешелүү комитети карап чыгышы керек”,- дейт .

            СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Ысык – Көл областынын Тоӊ райондук ооруканасында флюрография, рентген аппараттары эскирип бүткөн. Мындан улам, бейтаптар жолдун узактыгына карабай, Каракол, Балыкчы шаарларына барып дарыланууга аргасыз болуп жатышкандыгын депутат Абдыбек Дүйшалиев айтып, Өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

            СНХ.А.ДҮЙШАЛИЕВ

        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 – мартта айрым аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:7…12; Талас: 6…11; Ош, Жалал-Абад, Баткен: 8…13; Ысык-Көл:4…9 градус жылуу болот. Нарын: -2…-7; бийик тоолуу райондордо 0…-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4-мартта жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы 10…12 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 29

Окшош жаңылыктар