ЖАҢЫЛЫКТАР 01.03.19.

01-03-2019 08:49

Бүгүн, 1 – мартта өлкөдөгү абанын булганышы, анын кесепеттери учурда олуттуу көйгөйгө айланып жаткандыгын талкуулаган коомдук угуу өткөрүлөт. Анда депутаттар Абдывахаб Нурбаев, Жанар Акаев, Мирлан Бакиров баштаган бир катар эл өкүлдөрү сунуштап жаткан “Таза аба” долбоору каралат. Анын негизинде бир нече мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленүүдө. “Абаны булгоонун булактары” жөнүндөгү аналитикалык изилдөөнүн негизинде абанын булгануусуна жана айлана - чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору даярдалууда. 

Сатыкка чыккан бензиндин дүӊ жана чекене баасындагы айырмачылык 20 пайыздан көп. Бирок, муну Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы төгүнгө чыгарып, ортодогу айырма 10 пайыздын тегерегинде, - деп түшүндүрүп жаткандыгын айткан депутат Эмил Токтошев, - маселенин аныгын тактап, каражаттын ортодогу орунсуз жоголуп жаткандыгына кызыкты.

                           СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасындагы “жашыл” экономикага өтүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңеши Жогорку Кеңештин тармактык Комитети менен биргеликте “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору боюнча  парламенттик угуу өткөрөт. Жыйындар залында саат 11:00дө өтүүчү бул иш чараны “Парламент” радиосу түз алып уктурмакчы.

Быйыл «Сары-Челек» коругунун негизделгенине 60 жыл толот.  Деӊиз деӊгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан корук 24 миӊ гектар жерди ээлеп, анда 1000ге жакын жаныбардын түрү бар. Ошол эле коруктун тегерегинде 1200дөй түтүн эл жашарын билдирген депутат Алмазбек Эргешов андагы 5000 сом алган токойчулардын айлыгынын эч нерсеге жетпей тургандыгын белгилеп, бир топ көйгөйлөрдү санап берди.

                           СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Нарын областынын Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин тизмектеген депутат Руслан Казакбаев, - авариялык абалдагы мектептерде окуган окуучулардын абалы “21-кылымдын көрсөткүчү болбошу керек”, - дейт.

                          СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Депутат Тазабек Икрамов мектептер бир гана мамлекеттин же колдоочулук кыла турган ата – энелердин гана колун карап олтурбастан,  жекече чакан чарбалык иштерди да жолго салып, керектөөлөрүн өз алдынча чечүүнү тажрыйбалап баштаптыр, - деп  белгиледи “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                          СНХ.Т.ИКРАМОВ

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жайнагүл Сапалова, - “Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен мектептердеги мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салынды. Ошентсе деле ыктыярдуу колдоочулар болуп калышы мүмкүн. Алар атайын фонддор аркылуу иш алып барууда” , - дейт.

                         СНХ.Ж.САПАЛОВА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1 – мартта Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда кыламык кар жаайт. Калган аймактарда жаан – чачын күтүлбөйт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк – чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 - 10 метрге  чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+7...+12, Талас:+6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен: +8…+13, Ысык-Көл:+2…+7 градус жылуу болот. Нарын: -2…-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1 – мартта жаан жаабайт. Түштүк – чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 - 10 метрге  чейин жетет. Абанын температурасы +10…+12 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 41

Окшош жаңылыктар