Балдарды мектепке кабыл алууда көмүскө каражаттарга жол берилбейт

27-02-2019 16:24

“Ата – энелерден бир топ кайрылуулар түшкөндүктөн,  мектепке балдарды кабыл алууда талап кылынган көмүскө колдоочу каражатты жокко чыгаруу зарылдыгын белгилегенбиз. Бул чынжырды акырындап үзүп келе жатабыз. Мисалы, мектепке кабыл алынуучу балдардын электрондук кезек аркылуу тейлениши да иштин ордунан козголгондугун көрсөттү”, - дейт депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 27 – февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле мектептер бир гана мамлекеттин же колдоочулук кыла турган ата – энелердин гана колун карап олтурбастан,  жекече чакан чарбалык иштерди да жолго салып, керектөөлөрүн өз алдынча чечүүнү тажрыйбалап баштаптыр, - деп белгиледи эл өкүлү.

Уктурууга катышкан Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жайнагүл Сапалова, - “Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен мектептердеги мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салынды. Ошентсе деле ыктыярдуу колдоочулар болуп калышы мүмкүн. Алар атайын фонддор аркылуу иш алып барат” , - дейт.

Тармактык адис ошол эле мезгилде балдар бакчалары жагынан меценаттык кылып жаткан А.Салымбековдун колдоосуна токтолуп, бул жакшы жөрөлгө, - деп кошумчалады.

 

 

Жогорку  Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 274

Окшош жаңылыктар