Референдум жөнүндөгү мыйзам шайлоо жаатындагы мыйзам жоболоруна шайкеш келтирилүүдө

22-09-2016 12:34

Жогорку Кеӊеште шайлоо тутумуна байланыштуу бир катар мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан “КР референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров.

Демилгечилердин маалыматына караганда, колдонуудагы “КР референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына, “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилге жөнүндө” мыйзамдарга ылайык келтирүү зарыл.

Мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаӊы автоматташтырылган технологияларды киргизилүүдө. Андан тышкары, жарандардын биометрикалык маалыматтарын, референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмесин колдонууну киргизүү сунушталууда. Мындай чаралар шайлоо жүрүмүндөгү жасалмалоолор менен бузууларды болтурбоого мүмкүндүк берет.

Эске салсак, 2015-2016-жылдары шайлоо мыйзамдарын реформалоо максатында “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөр киргизилген. Сунушталган мыйзам долбоору референдум өткөрүүдө да ошол сындуу окшош механизмдерди киргизүүгө багытталган.

Талкуу жүрүшүндө демилгечилеринин бири Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүп, айрым маселелерди тактоо зарылдыгы бар экенин айтты. Тармактык комитеттин төрайымы Асел Кодуранова экинчи окуу жүрүшүндө депутат Узарбек Жылкыбаевден гана сунуш түшүп, ал эске алынганын, ал эми коомдук угуу өткөрүүгө азыр деле кеч эмес экенин, үчүнчү окууга чейин өткөрсө боло турганын, мыйзам долбоорун кароодо Регламент талаптары баары сакталганын билдирди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1172

Окшош жаңылыктар