Үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө тартиби натыйжалуу

21-02-2019 18:43

КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраеванын бүгүн, 21 – февралда "Парламент" радиосуна маалымдашынча,  үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө тартиби дүйнөлүк деңгээлде натыйжалуу, - деп табылган. Ошондуктан, бул ыкманы жергебизде жолго койгон 20 жылдын аралыгында бир топ жакшы иштер жасалды. 

Айталы, 2015 – жылдан бери Ысык – Көл областында жүргүзүлгөн саламаттык сактоо тармагын автономдоштуруу багытындагы реформалык иштер да эң жакшы эффектисин берди, - дейт адис. Мисалы, аталган областтын Жети – Өгүз, Түп жана Тоң райондорундагы окулист, лор, фтизиатор дарыгерлеринин жетишсиздиги байкалган жок. Анткени, атайын окутуудан өткөн үй – бүлөлүк дарыгерлер айрыкча аскерге чакырылган уландарды медициналык кароодон өткөргөн мезгилде кадр тартыштыгын сездиришкен жок, - дейт Н.Ибраева. 

Ошол эле уктурууга катышкан С.Данияров атындагы медициналык адистерди кайра даярдоо жана билимин жогорулатуу боюнча Кыргыз медициналык институтунун үй-бүлөлүк медицина факультетинин деканы Жаркын Өмүрованын белгилешинче, медицинада күнүгө жаңылыктар болуп жаткандыктан, дарыгерлердин тынымсыз окуп туруусу зарыл. Ошонлуктан, дистациондук окутуу ыкмалары да кредиттик сааттар аркылуу өткөрүлүп жатат,  - дейт тармактык институттун өкүлү.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 329

Окшош жаңылыктар