Шайлоочулар Токтогул ГЭСинде суу толгондугуна байланыштуу электр энергиясын болгон бааны төмөндөтүү боюнча маселе коюуда

22-09-2016 11:41

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар электр энергиясынын баасы боюнча шайлоочулардын койгон маселелерин Өкмөткө жолдошту.

Алдыда кыш жакындап келаткандыгын эске салган депутат Алтынбек Жунус уулу быйыл Кыргызстан боюнча суу кенен болгондугун айтып, шайлоочулар Токтогул ГЭСине суу толгонун, импорт болбостугун айтып, эми электр кубатына болгон баа төмөндөйбү деген суроолорду коюп жаткандыгын билдирди.

Депутат Улукбек Ормонов 19-20-сентябрь күндөрүндө Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар боюнча комитети Ош облусунун Өзгөн, Ноокат жана Баткен облусунун Кадамжай райондорун кыдырып, шайлоочулар менен жолугушкандыгын жана анда көтөрүлгөн көйгөйлөргө токтолду. Депутаттын айтымында, шайлоочулар элетр энергиясына болгон баалар, тагыраак айтканда, бүгүнкү баа Токтогул ГЭСинде суу аз кезинде импорттун негизинде коюлганын, эми суу сактагычта суу толгондугун, электр кубатынын баасын төмөндөтүү же социалдык колдонууга далген 700 кВатты 1000 кВатка чейин көтөрүү маселесин коюшкан.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 726

Окшош жаңылыктар