Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери менен кошо чыгымдарын да декларациялоо демилгеси сунушталууда

22-09-2016 11:38

Жогорку Кеӊеште “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

КР Өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаттары жыл сайын өзүнүн кирешелери менен чыгымдары тууралуу декларация берүүгө тийиш. Ал эми мындай декларация тапшырбаган эл өкүлөрүнүн аты-жөнү парламенттин басылмасында расмий түрдө жарыяланууга тийиш.

Андан сырткары, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 496

Окшош жаңылыктар