Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков: «Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Т.Усубалиев өрнөктүү өмүрү менен тарыхта калат»

22-09-2016 11:36

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков белгилүү коомдук жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин Ала-Арча көрүстөнүндөгү эстелигинин ачылышына катышты.

Эстеликти ачуу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Ч.Турсунбеков көсөм саясатчынын кыргыз тарыхындагы ордун баса белгилеп: "Турдакун Усубалиев жетекчи катары таза, адамгерчиликтүү, иштин көзүн билген адам эле. Бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабыр менен абийирди таза туткан, жөнөкөйлүгү менен өзгөчөлөнгөн инсан болчу. Кайталангыс кайраты менен кайрылып келбес сапарга кетсе дагы анын жогорудагыдай сапаттары баарыбызга үлгү болуп калышы керек",- деди.

Ошондой эле Ч.Турсунбеков Турдакун Усубалиевдин эстелиги кыргыз элинин, айрыкча, жаш саясатчылардын сыймык менен зыярат кылчу жайына айланышы керектигин белгиледи. Т.Усубалиевдин бүт өмүрүн өрнөктүү жашап, Кыргызстанга ак кызмат кылып кеткендигине токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы анын жасаган иштери, адамдык бийик сапаттары, Мекенге болгон сүйүүсү баарыбызга өрнөк болуу менен бирге ардактуу аксакалыбыздын аты Кыргызстан тарыхына алтын тамга менен жазылып каларына шек жок экенин айтты.

Эске салсак, 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык орчундуу кызматтарда иштеп, дээрлик чейрек кылым Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы катары республиканы башкарып турган Турдакун Усубалиев өткөн жылы 95 жаш курагында дүйнө салган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 690

Окшош жаңылыктар