ЖАҢЫЛЫКТАР 12.02.19.

12-02-2019 08:39

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бүгүнкү, 12 – февралдагы жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү макулдашуусунун Борбор Азиядагы регионалдык жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасынын долбоору талкууланат. Ошондой эле комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен жана Талас облустарынын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу”  боюнча кредиттик макулдашуунун долбооруна да көңүл бурат.

Статс – катчылыкка мамлекеттик кызматтарда иштеп, бай тажрыйба топтогондор да катыша алат деген кеңейтилген шарттар сунушталууда. Болбосо, башта башкаруучу кызматтарда гана иштеген адистердин сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү болуп келген, - дейт депутат Аалы Карашев “Парламент” радиосуна буларды билдирип:

                              СНХ.А.КАРАШЕВ

Азыркы учурда 112 аудитордук уюмдар жана 33 жеке аудиторлор иштеп жатат. Кыргызстанда аудитордун сертификатына ээ болгон 407 аудитор бар, алар жеке аудитор катары да эмгек келишимдеринин негизинде иш алып барышат. Бул тема Бюджет жана финансы боюнча комитеттин талкуусунан өттү. Ал - аудитордук уюмдарга талаптарды күчтөндүрүүгө, эл аралык стандарттарга ылайык аудитордук текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору.                        

Кыргыз Республикасына түз тартылган чет элдик инвестициялар маселеси талкууланган учурда депутат Чыныбай Турсунбеков жергебизге келип жаткан учактардын абалы тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлүнүн айтымында,  өндүрүлгөнүнө 12 жыл болгон самолетторду алып келүү шарты жеңилдетилиши керек.

                           СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Депутат Рыскелди Момбеков, - өкмөттүн инвестициялык климатты жакшыртууга кылган аркетине таң калуусун билдирди. Бир жыл ичинде тартылган инвестицияга караганда, коррупциялык элементтерге катыштыгы барлардын зыяны  бир топ жогору болуп жаткандыгы эмнеси? – деген суроону койду.

                          СНХ.Р.МОМБЕКОВ

КСДП фракциясы Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн маалыматын угуп, инвестиция тартуу көлөмүнүн кескин төмөндөп кеткендигин сынга алды. Ошондой эле аткаруу бийгилигине бир катар тапшырмадарды берди.

                        СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12 – февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгалак болот. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4 – 9 метрден, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+1...+6, Ысык – Көл:0...+5, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+3...+8 градус жылуу болот. Нарын: -5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12 – февралда мезгил – мезгили менен жаан аралаш кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +3...+5 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 84

Окшош жаңылыктар