ЖАҢЫЛЫКТАР 11.02.19.

11-02-2019 08:30

Бүгүн, 11 – февралдагы жыйынында Бюджет жана финансы боюнча комитет депутаттар Г.Асылбаева, А.Айдаров, И.Гайпкулов, Д.Бекешев, А.Султанов, Д.Исаева тарабынан демилгеленип жаткан “Аудитордук иш жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов маалымат берет. “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча депутат Экмат Байбакбаевдин маалымат угулмакчы.            

2004 – жылдан бери улуттук мамлекеттик кадрлар резерви тууралуу канчалык кайра – кайра айтылып келе жатса да, эмдигиче натыйжалуу жылыштар жасала элек. Ошондуктан, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» КР мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда, - дейт депутат Аалы Карашев “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. 

                   СНХ.А.КАРАШЕВ

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун белгилешинче, мамлекетке кызмат кылам, - деген жаштарыбыздын катары өсүүдө. Улуттук кадрлар резервине сунушталган 800гө жакын адистин 34ү сынактан тоскоолдуксуз өтүп, өздөрүнүн такшалгандыктарын көрсөтүштү. Бул жакшы делген менен, алардын социалдык жактан коргоо алынышы да жаш, билимдүү адистердин мамлекеттик кызматка келишине мотивация бергидей болушу керек, - дейт адис.  

                   СНХ.А.МАДУМАРОВ

Кырдаалдын картинасын көрүп, турак жай сатып алууда алданган жарандардын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы иштелип жатат. Бул багытта өкмөт өкүлдөрү, курулуш тармагындагы адистер, юристтер жана тиешелүү тараптар менен биргеликте иш алып баруудабыз, - дейт депутат А.Исмаилова. Бирок, курулуш компаниялары сунушталып жаткан мыйзам долбоорунан чоочулап, - “Бул биздин ишибиздин алсызданышына, экономиканын басаңдашына алып келчү көрүнүш”, - деген пикирди карманышууда. Антип, бүтүм чыгарууга негиз жок, - деген эл өкүлү, - мыйзам долбоорунда эки тараптын тең кызыкчылыктарын тең салмактай турган сунуштар камтылып, бардыгына Өкмөт өзү көзөмөлдүк кылат, - деди.     

                  СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Депутат Эльвира Сурабалдиева, - эгер бир жарандын балким, 100 унаасы бар учур болуп калса, анын бир тобуна айып төлөөгө туура келсе, эсептешүүлөр кандай жүрөт? – деген суроону көтөрүп, “Бузуулар тууралуу” кодекстин чалагайым жерлерин тактады.

                 СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Жолго чыккан автоунаалардын айдоочулары милдеттүү түрдө өрт өчүрүүчү каражаттарды салонуна кошо сала жүрүшү керек. Мындай талапты саткбагандар көп эле. Анын айынан кырсыктын кесепеьин жоюуга жетише албай калган учурлар бар. Анын далилин келтирген депутат Зарылбек Рысалиев болду.

                СНХ.З.РЫСАЛИЕВ

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак тартып, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй  2…7, Талас:1…6, Ош, Жалал-АбадБаткен: 3…8 градус жылуу болот. Ысык-Көл: -1…+4 градус жылуу болот. Нарын  -7…-12, бийик тоолуу райондордо -11…-16 градус суук болот. Бишке шаарында бүгүн, 11-февралда жаан, кар жаайт. Жолдор тонголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 4…6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 16

Окшош жаңылыктар