ЖАҢЫЛЫКТАР 08.02.19.

08-02-2019 08:34

КСДП фракциясы бүгүн, 8 – февралдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн иши тууралуу маселени карайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров маалымат бермекчи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак - жай 2015-2020" программасынын ишке ашырылышы жана  "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү тууралуу маселеге “Республика – Ата - Журт” фракциясы бүгүнкү, 8 – февралдагы жыйынында кайрылат. Суроолорго "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы – Б.Шамкеев жооп берет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү, аткарылып жаткан иш-чаралар туралуу маалымат “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын бүгүнкү, 8 – февралдагы жыйынында угулат. Демилге депутат Таалайбек Масабировго таандык. Жыйындын ишине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги документтердин чыгарылышы, коопсуздугу жана мамлекеттик үлүшү бар типографияларды эффективдүү башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндөгү “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын 2017-жылдагы чечиминин аткарылышы да талкуунун негизги өзөгүн түзөт.

«Жарандын улуту жөнүндөгү маалымат чипке түшүрүлгөн дешет, анын эмне кереги бар. Коомчулук талап кылып жатат, паспорттогу «улуту» деген графа көрүнөө турушу керек. Ошондуктан, Өкмөткө аны ордуна коюу боюнча протоколдук тапшырма берүү керек», - деди депутат Кожобек Рыспаев парламенттин кечээки жыйынында.

                     СНХ.К.РЫСПАЕВ

Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жеке салымын кошуп, турак – жайлуу болууну каалагандардын арасында тилекке каршы көйгөйгө кабылгандары да жок эмес. Мындай абалга туш болгондор парламентке кайрылып, арыз – армандарын айтып келишет. “Иликтеп көрсөк, бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткан тургундардын эсеби 800гө чамалаптыр. Жалпы эсептей келгенде 4 миңдей жарандар үй куруудагы үлүштөрүнөн кур жалак калган деген мисалдарды да санап берген эксперттер бар”, - дейт депутат Аида Исмаилова “Парламент” радиосуна курган маегинде.       

                    СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда курулуш компаниялардын баштапкы капиталдык нормасы аныкталууда.  Ошол эле компаниялардын банктардан алынган ири суммадагы кредиттик карызы болбошу керек, - дейт юрист Эрнест Абдыкеев.

                   СНХ.Э.АБДЫКЕЕВ

Туристтерди тейлөөнү жакшыртуу максатында адеп Ысык-Көлдөгү жолдун жээгине дааратканаларды жана жуунучу жайларды орнотууну керек. Мындай сунушту депутат Бактыбек Турусбеков айтып, аларды май куючу жайлардын аймагына эле эмес, башка жерлерге да салуу кажет, - деген пикирде.

                   СНХ.Б.ТУРУСБЕКОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8 – февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрден, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык – Көл:-2..-7, Нарын:-8...-13 градус суук болот. Ош, Жалал – Абад, Баткен:-1...+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 8 – февралда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы -2...-4 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 18

Окшош жаңылыктар