Жарандардын мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга келүү жолдору жеңилдетилеби?

07-02-2019 17:10

2004 – жылдан бери улуттук мамлекеттик кадрлар резерви тууралуу канчалык кайра – кайра айтылып келе жатса да, эмдигиче натыйжалуу жылыштар жасала элек. Ошондуктан, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» КР мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда, - дейт депутат Аалы Карашев бүгүн, 7 – февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. 

Экинчи окууда талкууланып жаткан аталган мыйзам долбоорунда статс – катчылыкка мамлекеттик кызматтарда иштеп, бай тажрыйба топтогондор да катыша алат деген кеңейтилген шарттар камтылып жатат. Болбосо, башта башкаруучу кызматтарда гана иштеген адистердин сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү болуп келген, - дейт эл өкүлү. 

Ошондой эле советтик партиялык кызматтарда, аскердик кызматтарда же бала багууга кеткен энелердин ордуна келип убактылуу кызматтын милдетин аткаруучулар да карьералык тепкичтерин жогорулатам десе, алар стаждык жылдарын эсептете алышарын, - айтты депутат.

Ошол эле уктурууга катышкан КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун белгилешинче, мамлекетке кызмат кылам, - деген жаштарыбыздын катары өсүүдө. Улуттук кадрлар резервине сунушталган 800гө жакын адистин 34ү сынактан тоскоолдуксуз өтүп, өздөрүнүн такшалгандыктарын көрсөтүштү. Бул жакшы делген менен, алардын социалдык жактан коргоого алынышы да жаш, билимдүү адистердин мамлекеттик кызматка келишине мотивация бергидей болушу керек, - дейт адис.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 276

Окшош жаңылыктар