ЖАҢЫЛЫКТАР 07.02.19.

07-02-2019 08:35

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7 – февралдагы олтурумун адаттагыдай элеАр кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууга чыгат. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талданат.  “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралмакчы.

Жогорку мамлекеттик кызматты ээлеген, өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон мурунку мамлекеттик ишмерлерге “КР Баатыры” наамын ыйгарууну көздөгөн “КР мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн концепциясын тармактык комитет жактырды. Демилгечи депутаттардын бири Мирлан Бакировдун айтымында, чындыгында эле өмүрүндө көптөгөн көрүнүктүү иштерди жасаган жана өзүнүн чалыкпаган эмгеги менен элибиздин сый-урматына арзыган Султан Ибраимов сындуу бир катар ири мамлекеттик ишмерлер бар. Алардын даңазалуу ысымдары элибиздин эсинде ар дайым сакталып калат. Ошондон улам, мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда, - дейт эл өкүлү.

                           СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Кенжебек Бокоев баатырдык наам ыйгаруунун алкагын кеңейтүү керектигин белгилеп, чабан же космонавт болобу баатырдык салымына жараша эмнеге ардактуу наам ала албашы керек? Ошондуктан, мыйзамда чектөөлөр болбосо, - дейт эл өкүлү.

                          СНХ.К.БОКОЕВ

“Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр судьяларды тандоо боюнча кеӊештин мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо максатын көздөйт, - дейт демилгечи депутаттардын бири Курманкул Зулушев.

                         СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

Элдин башкы мүдөөсү ден соолукту сактоо. Ал эми “аспирин королдорунун” максаты кантип каражат топтоо. Эмнеге дарылардын баасы асман чапчыган абалга жетти? – деген депутат Айнуру Алтыбаева Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, реформалык кадамдарды жасоого чакырды.

                       СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас  -5...-10, Ысык-Көл: 0...-5, Нарын: - 10...-15, бийик тоолуу райондордо -12...-17 градус суук болот. Баткен, Жалал-Абад, Ош:-1...+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 7 –февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы  -7…-9 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 113

Окшош жаңылыктар