Бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткан тургундардын эсеби 800гө чамалаптыр...

06-02-2019 17:58

Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жеке салымын кошуп, турак – жайлуу болууну каалагандардын арасында тилекке каршы көйгөйгө кабылгандары да жок эмес. Мындай абалга туш болгондор парламентке кайрылып, арыз – армандарын айтып келишет. “Иликтеп көрсөк, бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткан тургундардын эсеби 800гө чамалаптыр. Жалпы эсептей келгенде 4 миңдей жарандар үй куруудагы үлүштөрүнөн кур жалак калган деген мисалдарды да санап берген эксперттер бар”, - дейт депутат Аида Исмаилова бүгүн, 6 – февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

Кырдаалдын картинасын көрүп, турак жай сатып алууда алданган жарандардын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы иштелип жатат. Бул багытта өкмөт өкүлдөрү, курулуш тармагындагы адистер, юристтер жана тиешелүү тараптар менен биргеликте иш алып баруудабыз, - дейт эл өкүлү.

Бирок, курулуш компаниялары сунушталып жаткан мыйзам долбоорунан чоочулап, - “Бул биздин ишибиздин алсызданышына, экономиканын басаңдашына алып келчү көрүнүш”, - деген пикирди карманышууда. Антип, бүтүм чыгарууга негиз жок, - деген депутат, - мыйзам долбоорунда эки тараптын тең кызыкчылыктарын тең салмактай турган сунуштар камтылып, бардыгына Өкмөт өзү көзөмөлдүк кылат, - деди. 

Ушул эле уктурууга катышкан юрист Эрнест Абдыкеевдин белгилешинче, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда курулуш компаниялардын баштапкы капиталдык нормасы аныкталууда.  Ошол эле компаниялардын банктардан алынган ири суммадагы кредиттик карызы болбошу керек, - дейт укуктук адис. 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 141

Окшош жаңылыктар