ЖАҢЫЛЫКТАР 06.02.19.

06-02-2019 08:39

Кечээ, 5-февралда Төрага Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. Анда эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Төрага Дастанбек Жумабеков, - “Парламенттик демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкөбүз үчүн ЕККУнун алкагында мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана адам укугун коргоо багытындагы кызматташуу учур талабы. Жогорку Кеңеш да ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы аркылуу байланышты чыңдоого кызыкдар”, – деди.

Бүгүн, 6 – февралда Жогорку Кеңеш “Атаандаштык жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо экинчи окууда талкууланат. “Туризм жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору четке кагууга сунушталат. “Биоотун жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда талданмакчы. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо маселеси да бүгүнкү жыйындын күн тартибинде турат.

КР Суу кодекси, КР «Суу жөнүндө» мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө  суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы белгилөө жана алуу тартиби, суу пайдалануучуларга жеӊилдиктерди берүү суу мыйзамдарына ылайык, КР Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөөрү белгиленүүдө. Ошондой эле айыл жергесиндегилерге же бак-дарак участкалары бар жарандарга, багбанчылык кылгандарга суу Өкмөт аныктаган тартипте берилери каралып жатат. Талкуу жүрүшүндө суу ресурсуна жана суу жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүлөргө болгон төлөмдөр такталды.

                      СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Суу өнөржай тармагына пайдаланылган учурларда суудан товар катары акы алынат. Ал эми тургундар суу акысын төлөшпөйт, бирок аракеттеги мыйзамда белгиленгендей, сууну жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Бул багыттагы эл аралык тажрыйбаларга тармактык комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров токтолду.

                     СНХ.А.НАЗАРОВ

2018-жылдын бюджети 141,5 млрд сомдук киреше менен толукталмак. Бирок жыл жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке дээрлик 6 млрд сом кем кириштелип,  бюджеттик план 95,7 пайызга гана аткарылган. Мындай маалыматтар менен өлкөнүн каржы министрн Бактыгүл Жээнбаева Бюджет жана финансы боюнча комитетинде тааныштырды.

                     СНХ.Б.ЖЭЭНБАЕВА

Бюджеттин күтүлгөн болжолу эмне себептерден улам орундалбай калгандыгын депутат Зиядин Жамалдинов тактады. Депутат ошол эле мезгилде ар бир тармактагы иштин орундалына себепчи болгон сандарды санап берди.

                    СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

“Мыйзамсыз күйүүчү майлардын жергебизге келип жатышы салыктардын түшүүсүнө тоскоолдук кылып жаткан жокпу?” – деген депутат Кубанычбек Нурматов мунайзат өнүмдөрүнүн контрабандалык жол менен ташылып келип жатканына токтолду.

                  СНХ.К.НУРМАТОВ

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 – февралда өлкөнүн көпчүлүк райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас областынын кээ бир райондорунда, Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында тынымсыз жаан – чачын болот. Жолдор тонголок тартып, тайгак болот. Тоолуу унаа жолдорунда кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрден, Чүй, Ысык – Көл, Нарын областтарында шамалдын күчү 17 – 22 метрге чейин катуулайт. Абанын температурасы Чүй, Талас: - 5...-10, Ысык – Көл:0...-5, Нарын: - 8...-13 градус суук болот. Ош, Жалал – Абад, Баткен: -1...+4 градуска чейин жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  6 – февралда мезгил  - мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрден 15 – 20 метрге чейин катуулайт. Абанын температурасы -7...-9 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 77

Окшош жаңылыктар