ЖАҢЫЛЫКТАР 05.02.19.

05-02-2019 08:39

Бүгүн, 5 – февралда Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет кезектеги жыйынында “2018-жылдын 12-июнундагы «Кыргыз Республикасындагы энергетикалык сектордун абалы, келечеги жана аны өнүктүрүү жөнүндөгү» тармактык комитеттин чечиминин аткарылышы тууралуу маселени карайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов маалымат берет.

«КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору негизинен Баш мыйзамга шайкеш келтирүүчү нормаларды иретке салуу максатында иштелип чыккан, - дей  т Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев.

                     СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Саламаттык сактоо министрлиги тармактагы врачтардын сунуш – пикирлери менен эсептешип, кескин өзгөртүүлөргө барышы керек, - деген депутат Махабат Мавлянова, - бир катар тармактык көйгөйлөрдү чечүүдө орчундуу кадамдар жасалбай жаткандыгын сынга алды.

                    СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Быйылкы жылы Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленет. Бул маарекеге арналып бүгүн,  5 – февраль күнү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында балбандын музейи ачылат. Ал эми анын музейи өзү туулуп өскөн айылында буга чейин эле иштеп келе жаткандыгы белгилүү, - деди депутат Кожобек Рыспаев.

                  СНХ.К.РЫСПАЕВ

ЖК Аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов кезегинде айылдык кеңешти башкарып турганда Кожомкул балбан эл менен мамилени кантип түзүп, башкаруунун жөнөкөй жатык ыкмасын колдоно билгендиги, таш короолорду куруудагы иш билгилиги тууралуу бир топ кызыктуу фактыларды санап берди.

                 СНХ.С.КАСМАМБЕТОВ

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 1...6, Ош, Жалал – Абад, Баткен:3...8, Ысык-Көл: 0...5 градус жылуу болот. Нарын: -5...-10, бийик тоолуу райондордо -10...-15 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5 – февралда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 7…9 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 111

Окшош жаңылыктар