ЖАҢЫЛЫКТАР 04.02.19.

04-02-2019 08:35

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 4 –февралдагы жыйынында  “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр  экинчи окууда каралат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын макулдашылган варианттын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кенеш токтомунун долбооруна да көңүл бурулмакчы.

Учурда ветеринардык 19 лаборатория иштесе, фитосанитардык багытты 4 лаборатория тескеп турат. Эми комплекстүү лаборатория куруу аракеттери көрүлүүдө. Анын чыгарган изилдөө жыйынтыктарын бажы союзундагы мамлекеттер тааныйт, - дейт депутат Айтмамат Назаров.

                  СНХ.А.НАЗАРОВ

Депутат Тариэль Жоробеков, - жаз эрте келет деп болжолдонуп жатканына токтолуп, дыйкандардын химиялык жер семирткичтерге колу жетпей олтургандыгын айтты. Мындай тартыштык орун алган соң баанын кымбатташына да себеп болуп жүрбөсүн, - деди эл өкүлү.                     

                  СНХ.Т.ЖОРОБЕКОВ

Жазгы талаачылык иштерине кандай даярдыктар көрүлүп жаткандыгына кызыккан депутат Аида Касымалиева дыйкандар менен фермерлерге жеӊилдетилген насыя берүү иштеринин неге кечиктирилип жаткандыгын Өкмөттөн сурады.

                  СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына эл толо келсе дагы, эмне үчүн бюджетке жарытымдуу киреше түшпөйт? Бул суроого жооп күткөн депутат Кожобек Рыспаев пансионаттардын абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

                  СНХ.К.РЫСПАЕВ  

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-февралда Ош, Жалал-Абад областтарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып  тайгак болот. Абанын температурасы Чүй, Талас, Баткен:5…10; Ош, Жалал-Абад:3…8; Ысык-Көл: 2…7 градус жылуу болот. Нарын: -4…-9 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4-февралда жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы  7…9 градус жылуу болот.                                   

Көрүүлөрдүн саны : 78

Окшош жаңылыктар