Өлкөнүн башкы каржы документинин жоболору Конституциянын талаптарына ылайык келтирилүүдө

01-02-2019 17:07

Бюджеттик кодекс 2017-жылы кабыл алынган, анын күчүнө киргенине быйыл эки жылдын жүзү болду. Кодекстин долбоору парламентте, анын тармактык комитеттеринде кызуу талкууларды жаратып, парламенттик угуулар дагы өткөрүлгөн. Бирок, коомдук угуу алгачкы жолу өтүп отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев "КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу жүрүшүндө билдирди.

«КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору бюджеттик мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү, аны эл аралык стандарттарга жакындатуу жана мамлекеттин каржылык башкаруу усулдарын жакшыртуу максатында иштелип чыкты. Эӊ негизгиси өлкөнүн башкы каржы документинин жоболорун Конституциянын талаптарына шайкеш келтирүү болуп саналат. Сиздер каралып жаткан мыйзам долбоору тууралуу эле эмес, жалпы эле Бюджеттик кодексте орун алган айрым кемчиликтер жөнүндө деле сөз кылсаӊыздар болот”, - деп, ал иш-чара катышуучуларын мыйзам долбоорун талкуулоого жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин демилгеси менен «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өткөрүлдү. Демилгечилер – депутат Жыргалбек Турускулов менен Өкмөт. Иш-чарага мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1851

Окшош жаңылыктар