Аты аңызга айланган Кожомкул Каба уулу балбан эле эмес, эл башкарган кадыр-барктуу инсан дагы болгон

01-02-2019 16:24

Быйылкы жылы Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленет. Бул багытта көрүлүп жаткан даярдык иштери жана Кожомкул балбандын баяны тууралуу ой бөлүшүп ЖК депутаты К.Рыспаев жана ЖК Аппарат жетекчисинин орун басары С.Касмамбетов бүгүн, 1 - февралда "Парламент" радиосунун түз эфиринде болушту.

Депутаттын белгилешинче, 5 – февраль күнү маарекенин алкагында Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында балбандын музейи ачылат. Ал эми анын музейи өзү туулуп өскөн айылында буга чейин эле иштеп келе жаткандыгы белгилүү, - деди эл өкүлү.

Азыркы тапта борборубуздагы спорт сарайынын алдында турган Кожомкулдун эстелигинин тегерегиндеги туш келди өскөн бактарды иретке салуу кажет. Бул үчүн шаар бийлигинин уруксааты керек. Эгер маселе чечилип калса, эстеликтин тегерегин эл келип эс ала турган бакчага айлантып, арча тигип, олтургучтарды орнотуп коюу жакшы саамалык болмок, - дейт депутат.

Кожомкул баатырдын көтөргөн таштарынын салмагы аңыз кепке айланган баяндар турмушта болгон окуя экендигин белгилеген эл өкүлү, - балбан таштарды эле эмес, элдин сазга сорулуп калган салмактуу малдарын дагы көтөрүп чыгарып берген учурлары кызыктуу,  - дейт. 

Уктурууга катышкан ЖК Аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов, - Кожомкул балбан баянын атасы, белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетовдон уккандыгын айтып, бала чагында баатырдын таржымалына кызыккандыгын билдирди.

Ошондой эле ал, - кезегинде айылдык кеңешти башкарып турганда Кожомкул балбан эл менен мамилени кантип түзүп, башкаруунун жөнөкөй жатык ыкмасын колдоно билгендиги, таш короолорду куруудагы иш билгилиги тууралуу бир топ кызыктуу фактыларды санап берди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 785

Окшош жаңылыктар