ЖАҢЫЛЫКТАР 01.02.19.

01-02-2019 08:57

Бүгүн, 1- февралда Жогорку Кеңештин чыгыш залында  «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу болот. Иш чара саат 15:00до башталат.

Ушул эле күнү акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндөгү маселе КСДП фракциясынын жыйынында каралат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров баяндама жасайт.  

“Республика – Ата - Журт” фракциясынын бул жолку олтурумунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана жүргүзүлүп жаткан реформалары жөнүндөгү маселелер талданат. Жыйынга КР вице-премьер-министри  А. Өмүрбекова   баштаган тиешелүү министрликтин, ведомстволордун жетекчилери чакырылган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат болсо “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын бүгүнкү жыйынында угулат. Бул багыттагы суроолорго өкмөт өкүлдөрү келип жооп беришмекчи.

“Конституцияны кайрадан өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Мунун канчадык зарылчылыгы бар эле? 9 ирет өзгөргөн Баш мыйзам буга чейин бийлик рычагын бекемдөөнү көздөп келген. Эми ал жолду улап Конституцияны өзгөртүү туура эмес”, - депутат Алтынбек Сулайманов.

                     СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Депутат Сагындык Келдибаев, - «Мурда милиция кызматкерлери жумушка кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин кабыл алынчу, азыр андай болбой калды. Бул милицияга абырой алып келбейт”, - дейт парламенттин кечээки олтурумунда.

                    СНХ.С.КЕЛДИБАЕВ

Кышкы суукта курулуш техникалары дээрлик колдонулбай турган учурлар бар. Ошол мезгилде аларды арык – каналдарды тазалоо иштерине неге колдонууга болбосун? – дейт депутат Калдарбек Баймуратов иштейин деген иштермандардын жоктугуна кейип.

                   СНХ.К.БАЙМУРАТОВ

Жер үстүндөгү суулардын 16 - 20%га жетпегени гана ички керектөөлөргө колдонулбаса, калган 80%ы жөн эле агып кетет. Мындай маалымат парламенттин кечээки жыйынында белгилүү болду. Дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттери болсо сууну үнөмдүү пайдалануу максатында тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүшкөн. Биздеги бул багыттагы иштердин арамы кандай болууда? Мындай суроого жоопту депутат Азизбек Турсунбаев талап кылды.

                   СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1 – февралда  республиканын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк райондорунда жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында кар калың жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 – 10, Ысык – Көл, Нарын областтарында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:-2...+3, Талас:-1...+4,  Ысык – Көл: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал – Абад, Баткен, 0...5 градус жылуу болот. Нарын: - 8...- 13 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1 – февралда мезгил – мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы -1...+1 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 75

Окшош жаңылыктар