ЖАҢЫЛЫКТАР 31.01.19.

31-01-2019 08:36

Бүгүн, 31-январындагы парламенттин жыйынында Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат.  «Тышкы миграция жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү да талкууга коюлат. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамга да өзгөртүүлөр кошумчаланат.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр 2 – окууда тармактык комитеттин жактыруусаны ээ болду. Мыйзым маанисин түшүндүргөн демигечи депутаттардын бири Аалы Карашев, - Кадрлардын улуттук резервинин кадыр-баркын жогорулатуу зарылчылыгын белгилеп,  кадрларды дайындоонун өзгөчө тартиби тууралуу түшүндүрмө берди.

                             СНХ.А.КАРАШЕВ

Депутат Айнуру Алтыбаева статс-катчылардын маанилүү ордун баса белгилеп, бул кызмат орундарына квалификациялуу, кесипкөй адистер келиши керектигин билдирди.

                            СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Ар бир айыл өкмөттөрүндө орто эсеп менен алганда 3төн бош кызмат орундары болсо, бул жергиликтүү бийликке баруучулардын каалоосу өчүп баратат, - дегендикпи? Мындай суроону көтөргөн депутат Кенжебек Бокоев болду.

                           СНХ.К.БОКОЕВ

Өлкө бюджетин толтурууда салыктын орду чоң. Ошондой салык төлөп турган эл өз укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп сотко кайрылса, алына турган алымдардын өлчөмү эмнеге жогорулап турушу керек? Бул адилеттике жатпайт, - деген депутат Акылбек Жапаров коңшу Кытай мамлекетиндеги элге көрүлгөн камкордуктар боюнча мисалдарды да санап берди.

                          СНХ.А.ЖАПАРОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31 – январда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк райондорунда жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында кар калын жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 – 10, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Ысык – Көл: 0...5 градус жылуу болот. Нарын: - 5...- 10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 31 – январда жаан аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 – 10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1...+3 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 33

Окшош жаңылыктар