ЖАҢЫЛЫКТАР 30.01.19.

30-01-2019 08:27

Төрага Дастанбек Жумабеков кечээ, 29-январда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алды. Диалогдун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы ойлор ортого салынды. Андан сырткары кыргыз жарандары үчүн АКШда виза берүүнү жеңилдетүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Бүгүн, 30-январдагы жыйынында Жогорку Кеңеш «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карайт. «Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын урматына жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору сындуу бир катар ченемдик укук актылар бул жолку жыйындын орчундуу маселелери болмокчу. «Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү тууралуу» мыйзам долбоору да талкууга чыгат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Экмат Байбакбаев.

                              СНХ.Э.БАЙБАКБАЕВ

Кезегинде журналист Улан Эгизбаев Казакстанда жүрүп мекенине кайта албай жүргөн жараныбызды таап, анын кулчулуктан куткарылышына салым кошкон. Бирок, ошол табылган бала атын да эстей албагандыгы өкүнүчтүү. Мындай болгон соң ал балага Азамат деген ысым ыйгарылып, тиешелүү өздүк документтери колуна берилмек. Бирок, эмдигиче жыйынтык жоктугун депутат Жанарбек Акаев айтып чыкты.

                             СНХ.Ж.АКАЕВ

Чет мамлекеттерге чыгып жаткан мигранттарга туура түшүндүрүү иштери жүрүш керек. Алар өз укуктарын канткенде коргой алышат? Адам сатуунун торуна түшүп калбоо үчүн кандай аракеттерди көрүп, кимге кайрылышы керек? Бул суроолор депутат Тазабек Икрамов тарабынан көтөрүлдү.

                            СНХ.Т.ИКРАМОВ

Акыркы мезгилде ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйүп жаткандыктан, мындай заттарга акция киргизүү зарылдыгы жаралууда. Бул жагдайга кайрылган депутат Азамат Арапбаев тиешелүү мыйзам долбоорун жазып чыкты.  

                           СНХ. А.АРАПБАЕВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30 – январда тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:7...12, Талас:6...11, Ош, Жалал – Абад, Баткен:5...10, Ысык – Көл:0...5 градус жылуу болот. Нарын: - 5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30 – январда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 10...12 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 39

Окшош жаңылыктар